# КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 93 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 93 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2421/edition/371309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5000.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 93 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" жарлыгы (10.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5000

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-февралы ПЖ № 93 Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинде оперативдүүлүктү жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасын жана "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төмөнкүдөй курамы аныкталсын:

Бакиев Курманбек Салиевич - Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү:

Тагаев Айтибай Султанович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Чудинов Игорь Витальевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы; Үсөнов Данияр Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси; Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; Сарбаев Кадырбек Тельманови - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Калыев Бактыбек Төрөгулович - Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Суталинов Мурат Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин төрагасы; Конгантиев Молдомуса Ташболотович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү:

Султанов Марат Адразакович - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Турсункулов Нурлан Жанышевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Рыскулова Айгүл Маратбековна - Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик Комитетинин төрайымы; Мамытов Токтокүчүк Болотбекович - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы; Жоробекова Шарипа Жоробековна- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
