Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 93 «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-февралы ПЖ № 93 Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинде оперативдүүлүктү жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасын жана "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төмөнкүдөй курамы аныкталсын:
Бакиев Курманбек Салиевич - Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү:
Тагаев Айтибай Султанович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Чудинов Игорь Витальевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы; Үсөнов Данияр Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси; Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; Сарбаев Кадырбек Тельманови - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Калыев Бактыбек Төрөгулович - Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Суталинов Мурат Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин төрагасы; Конгантиев Молдомуса Ташболотович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү:
Султанов Марат Адразакович - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Турсункулов Нурлан Жанышевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Рыскулова Айгүл Маратбековна - Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик Комитетинин төрайымы; Мамытов Токтокүчүк Болотбекович - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы; Жоробекова Шарипа Жоробековна- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Президентинин 2010-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 56 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.07.2010 · № 56 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 112 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.03.2008 · № 112
- Улуттук коопсуздук жөнүндөЗакон · 26.02.2003 · № 44
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон