# 999-статья. Алгачкы текшерүү, алдын ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын мыйзамсыз аракетинен улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281630..1281631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 999-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-999

---

1. Гражданинге мыйзамсыз соттоонун, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуунун, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу же башка жакка кетпөө жөнүндө кол койдуруп алуу чараларын мыйзамсыз колдонуу, камакка алуу түрүндөгү мыйзамсыз түрдө администрациялык жаза колдонуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду мамлекет тарабынан алгачкы текшерүү, алдын ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын кызмат адамдарынын күнөөсүнө карабастан мыйзамда белгиленген тартипте толук көлөмүндө толтурулат.

2. Алгачкы текшерүү, алдын ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын мыйзамсыз ишинин натыйжасында ушул статьянын 1-пунктунда каралган кесепеттерге алып келбеген мыйзамсыз ишинин натыйжасында гражданинге же юридикалык жакка келтирилген зыяндын орду ушул Кодекстин 999-статьясында каралган негиздер боюнча жана тартипте толтурулат. Сот адилеттигин жүргүзүүдө келтирилген зыяндын орду, эгерде судьянын күнөөсү мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталган болсо, толтурулат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [998-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-998)  
Кийинки берене: [1000-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1000)
