# 998-статья. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары келтирген зыян үчүн жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-998>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-998.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 998-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-998

---

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же ал органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракетинин (аракетсиздигинин) натыйжасында, анын ичинде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мыйзамга же башка укуктук актыларга ылайык келбеген актыларын чыгаруунун натыйжасында гражданинге же юридикалык жакка келтирилген зыяндын ордун толтурулууга тийиш. Зыяндын орду тийиштүү мамлекеттик казнанын эсебинен (225-статьянын 2-пункту), жергиликтүү шериктештиктин казнасынын эсебинен (227-статьянын 2-пункту) толтурулат.

---

Мурунку берене: [997-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-997)  
Кийинки берене: [999-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-999)
