# 997-статья. Юридикалык жактын же гражданиндин анын кызматкерлери келтирген зыян үчүн жоопкерчилиги

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-997>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-997.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 997-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-997

---

1. Юридикалык жак же гражданин эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда анын кызматкерлери келтирген зыяндын ордун толтурат.

2. Ушул главада каралган эрежелерге карата кызматкерлер деп эмгектик келишимдин (контракттын) негизинде иш аткарган граждандар, ошондой эле граждандык-укуктук келишим боюнча иш аткарган граждандар, эгерде мында алар тийиштүү юридикалык жактын же гражданды тапшырмасы боюнча жана ишти коопсуздук жүргүзүү үчүн анын контролдугу астында аракеттенсе же аракеттенүүгө тийиш болсо, таанылат.

3. Чарбалык шериктештиктер жана өндүрүштүк кооперативдер алар ишкердик, өндүрүштүк же шериктештиктин жана кооперативдин башка ишин жүргүзүүдө анын катышуучулары (мүчөлөрү) келтирген зыяндын ордун толтурат.

---

Мурунку берене: [996-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-996)  
Кийинки берене: [998-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-998)
