# 994-статья. Зыян келтирүүдөн эскертүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-994>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-994.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 994-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-994

---

1. Зыян келтирүү коркунучу келечекте мындай коркунучту келтирген ишке тыюу салуу жөнүндө доо үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.

2. Эгерде келтирилген зыян ишкананы, курулушту же башка өндүрүштүк ишти жүргүзүүнүн натыйжасында болуп саналса, ал зыян келтирүүсүн улантып же жаңы зыян келтирүү коркунуч түзсө, сот жоопкерди зыяндын ордун толтуруудан тышкары андай ишти токтото турууга же токтотуп салууга милдеттендирүүгө укуктуу.

Эгерде ишкердикти токтото туруу же токтотуу коомдук талаптарга карама-каршы келсе, сот аны токтото туруу же токтотуу жөнүндөгү доодон баш тартышы мүмкүн. Мындай ишкердикти токтото туруу же токтотуудан баш тартуу жабыр тартуучуларды бул иш келтирген зыян ордун толтуруу укугунан ажыратпайт.

---

Мурунку берене: [993-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-993)  
Кийинки берене: [995-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-995)
