# 993-статья. Зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликтин жалпы негиздери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-993>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-993.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 993-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-993

---

1. Гражданиндин керт башына же мүлкүнө келтирилген зыяндын орду, ошондой эле юридикалык жакка келтирилген зыяндын орду ал зыянды келтирген жак тарабынан толук көлөмүндө толтурулууга тийиш.

Мыйзам менен зыяндын ордун толтуруу милдети ал зыянды келтирүүчү болуп саналбаган жакка да жүктөлүшү мүмкүн. Мыйзам же келишим менен зыян келтирүүчүгө жабыр тарткан жакка келтирилген зыяндан ашык компенсация төлөп берүү милдеттенмеси жүктөлүшү мүмкүн.

2. Эгерде зыян келтирген жак ал зыян анын күнөөсү боюнча келтирилбегендигин далилдесе, анда зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.

3. Укукка ылайык аракеттер менен келтирилген зыяндын орду мыйзамда каралган учурларда толтурулууга тийиш.

Эгерде жабыр тартуучунун өтүнүчү же анын макулдугу менен зыян келтирилсе, ал эми зыян келтирүү аракети коомдун адептик принциптерин бузбаса, зыяндын ордун толтуруудан баш тартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [992-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-992)  
Кийинки берене: [994-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-994)
