# 992-статья. Мамлекет тарабынан лотереяларды өткөрүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 50-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281637..1281638>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-992>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-992.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 992-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-992

---

1. Мамлекет, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан лотереяларды өткөрүүгө уруксат (лицензия) алган жактар менен лотереялардын катышуучуларынын ортосундагы мамилелер лотереяны уюштуруучулардын жана анын катышуучуларынын ортосундагы келишим менен жөнгө салынат. Мындай келишим лотереялык билетти, квитанцияны же башка документти берүү менен жол-жоболоштурулат жана катышуучу лотереялык билеттин наркын төлөгөн учурдан тартып түзүлдү деп таанылат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган келишимди түзүү жөнүндө сунуш лотереяны өткөрүүнүн мөөнөтү, утушту жана анын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө шарттарды камтууга тийиш.

3. Лотерея өткөрүүнүн шартына ылайык утту деп таанылган жактарга лотереяны уюштуруучу тарабынан лотереяны өткөрүүнүн шарттарында каралган өлчөмдө, формада (акчалай же натуралай) жана мөөнөттө, ал эми эгерде бул шарттарда мөөнөт көрсөтүлбөгөн болсо - лотереянын натыйжалары аныкталган учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен төлөнүп берилүүгө тийиш.

4. Лотереянын уюштуруучусу ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмени аткарбаган учурда, лотереяда утушка ээ болгон катышуучу лотереяны уюштуруучудан утушту төлөп берүүнү, ошондой эле уюштуруучу тарабынан келишимди бузуу менен келтирилген чыгымдын ордун толтуртууну талап кылууга укуктуу.

(КР 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [991-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-991)  
Кийинки берене: [993-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-993)
