# 985-статья. Ачык конкурстун шарттарын өзгөртү жана алып салуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-985>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-985.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 985-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-985

---

1. Ачык конкурс жарыялаган жак иштерди сунуш кылуу үчүн белгиленген мөөнөттүн биринчи жарымында гана конкурстун шартын өзгөртүүгө же алып салууга укуктуу.

2. Конкурстун шартынын өзгөргөндүгү же алып салынгандыгы жөнүндө билдирүү конкурс жарыяланган ыкма сыяктуу жасалууга тийиш.

3. Конкурстун шарты өзгөргөн же ал алып салынган учурда, конкурс жарыялаган жак ага чейин билдирүүдө айтылган ишти толук же жарым-жартылай аткаргандыгы менен зыян тарткан чыгымды ал жакка төлөп берүүгө тийиш.

4. Эгерде конкурстун шартын өзгөртүүдө же аны алып салууда ушул статьянын биринчи же экинчи пункттарында көрсөтүлгөн талаптар бузулган учурда конкурс өткөрүү жөнүндөгү жарыялаган жак конкурстун ушул катышуучусу тарткан зыяндын ордун толтурууга тийиш.

5. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялаган жак эгерде ал көрсөтүлгөн иш конкурска байланышпастан, атап айтканда конкурс жөнүндө жарыяланганга чейин же атайылап эле конкурстун шарттарына ылайык келбегендигин далилдей алса, ушул статьянын 3- жана 4-пункттарында белгиленген чыгымдардын жана зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.

---

Мурунку берене: [984-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-984)  
Кийинки берене: [986-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-986)
