# 984-статья. Ачык конкурсту уюштуруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-984>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-984.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 984-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-984

---

1. Ишти жакшы аткаргандыгы же башка натыйжаларга жетишкендиги (ачык конкурс) үчүн акчалай сыйлык төлөө же башка сыйлыктарды берүү (сыйлыктарды берүү жөнүндө) жөнүндө ачык жарыялаган жак конкурсту өткөрүүнүн шартына ылайык анын жеңүүчүсү деп табылгандарга жарыя кылынган сыйлыкты төлөп берүүгө тийиш.

2. Ачык конкурс аны уюштуруучунун конкурска катышуу сунушу бардык каалоочуларга карата басма сөздө же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо менен жасалганда ачык болушу, же конкурска катышуу сунушу аны уюштуруучунун тандоосу боюнча белгилүү чөйрөдөгү адамдарга карата гана жасалганда жабык болушу мүмкүн.

Ачык конкурс аны уюштуруучу тарабынан конкурска катышууну каалаган адамдарды алдын ала тандоо жүргүзүлгөндө ага катышкандарды алдын ала квалификациялоо менен шартталышы мүмкүн.

3. Ачык конкурс жөнүндө жарыя тапшырманын маңызын, иштин же башка жетишкендиктердин натыйжаларынын критерийлерин жана ага баа берүүнүн тартибин, алардын ордун, мөөнөтүн жана аларды берүүнүн тартибин, сыйлыктын өлчөмүн жана формасын, ошондой эле конкурстун натыйжаларын жарыялоонун тартибин жана мөөнөтүн караган шарттардан турууга тийиш.

4. Конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзүү милдеттенмесин камтыган ачык конкурска карата ушул Кодекстин 408-410-статьяларында башкасы каралбагандыктан ушул статьянын эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [983-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-983)  
Кийинки берене: [985-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-985)
