# 983-статья. Жабык шериктештик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-983>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-983.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 983-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-983

---

1. Жөнөкөй шериктештик келишиминде үчүнчү жактар үчүн анын бар экендиги ачык көрсөтүлбөшү (жабык шериктештик) каралышы мүмкүн. Мындай келишимге ушул статьяда башкасы каралбаса же жабык шериктештин маңызынан башкасы келип чыкпаса, жөнөкөй шериктештик келишими жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

2. Үчүнчү жактар менен мамилелерде жабык шериктештиктин ар бир катышуучусу шериктердин жалпы таламында өз атынан түзгөн бүтүм боюнча өзүнүн бардык мүлкү менен жооп берет.

3. Шериктердин ортосундагы мамилелерде алардын биргелешкен иш процессинде келип чыккан милдеттенмелер жалпы деп эсептелинет.

---

Мурунку берене: [982-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-982)  
Кийинки берене: [984-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-984)
