Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
979-статья. Жөнөкөй шериктештик келишимин токтотуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 47-Глава
1. Жөнөкөй шериктештик келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
1) шериктердин бири дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмдүү эмес же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган учурда;
2) шериктердин кимдир бирөөнү банкрот болду (кудуретсиз) деп жарыялоодо;
3) шерик курман болгондо же келишимге катышкан юридикалык жак жоюлганда же кайра уюшулганда, эгерде жөнөкөй шериктештик келишими же кийинки макулдашуулар менен калган шериктердин ортосундагы мамилелерде келишимди сактап калуу же өлгөн шерикти (кайра уюшулган юридикалык жакты) анын мурасчылары (укук мурастоочулар) менен алмаштыруу каралбаганда;
4) шериктердин кимдир бирөө жөнөкөй шериктештиктин узак мөөнөттүү келишимине андан ары катышуудан баш тартканда;
5) шериктердин биринин аны менен башка шериктердин ортосундагы мамилелерде анын талабы боюнча мөөнөттүү көрсөтүү менен түзүлгөн жөнөкөй шериктештик келишимин бузуунун натыйжасында;
6) тараптардын макулдашуусу боюнча жөнөкөй шериктештик келишимин бузуунун натыйжасында;
7) жөнөкөй шериктештик келишиминин мөөнөтү бүткөндүгүнүн натыйжасында;
8) жөнөкөй шериктештик келишими максатына жеткенде же ал максатка жетүү мүмкүн болбогондой шарт түзүлгөндө;
9) кредиторлорунун талабы боюнча шериктердин үлүшүн бөлүп берүүнүн натыйжасында;
10) ушул Кодексте же жөнөкөй шериктештик келишиминде каралган башка негиздер боюнча.
Жөнөкөй шериктештик келишими же анын катышуучуларынын кийинки макулдашуулары менен ушул пунктун биринчи, экинчи, төртүнчү, бешинчи жана тогузунчу пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда калган шериктердин ортосундагы мамилелерде келишимди сактап калуу каралышы мүмкүн.
2. Жөнөкөй шериктештик келишими токтотулганда шериктердин жалпы ээлигине жана (же) пайдалануусуна берилген буюмдар аны сунуш кылган шерикке сыйлык акысыз кайра кайтарылат, анткени тараптардын макулдашуусу менен башкасы каралган эмес.
Жөнөкөй шериктештик келишими токтотулган учурдан баштап анын катышуучулары үчүнчү жактарга карата аткарылбай калган жалпы милдеттенмелер боюнча чогуу жоопкерчилик тартышат. Шериктердин жалпы менчигинде турган мүлктү жана аларда пайда болгон жалпы талап кылуу укугун бөлүү ушул Кодекстин 271-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт. Жалпы менчикке жекече аныкталган буюмун кошкон шерик жөнөкөй шериктештик келишими токтотулган учурда, калган шериктердин жана кредиторлордун таламдарын сактоо шарты менен ал буюмду кайра кайтарууну талап кыла алат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-979" title="979-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>