# 973-статья. Шериктердин жалпы ишин жүргүзүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-973>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-973.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 973-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-973

---

1. Биргелешкен иш жөнүндөгү келишимдин катышуучуларынын жалпы ишин жүргүзүү келишимде каралган тартипте ишке ашырылат.

2. Эгерде жөнөкөй шериктештик келишиминде иш жүргүзүү айрым катышуучулар тарабынан же бардык катышуучулардын биргелешип жүргүзө тургандыгы каралбаса, жалпы иш жүргүзүүдө ар бир шерик бардык шериктердин атынан аракеттенүүгө укуктуу.

Биргелешип иш жүргүзүүдө ар бир бүтүмдү ишке ашыруу үчүн бардык шериктердин макулдугу талап кылынат.

3. Үчүнчү жактар менен мамилелерде бардык шериктердин атынан бүтүм жасоого шериктин ыйгарым укугу ага калган шериктештик келишиминен көрүнөт.

4. Үчүнчү жактар менен мамилелерде бүтүм түзүү учурунда кандайдыр бир чектөөлөрдүн бар экендиги жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо аны далилдөө учурларынан тышкары бүтүмдү түзгөн шериктин жалпы ишти жүргүзүү боюнча укуктарын чектөөгө шериктештер шилтеме кыла албайт.

5. Бардык шериктердин атынан бүтүм түзгөн шерик ага карата ишти жүргүзүү укугу чектелген болсо, же бардык шериктерди таламында өз атынан бүтүм түзсө ал мындай бүтүмдү түзүү бардык шериктештердин таламдарында зарыл экендигинде жетиштүү негиздер болсо ал иш боюнча чыгымдарга кеткен өз каражаттарын өндүртүп алууга укуктуу.

Эгерде мындай бүтүмдөр менен башка шериктерге зыян келтирилсе, алар аны өндүрүп алууну талап кылууга укуктуу.

6. Жалпы ишке тиешеси бар чечим эгерде келишимде башкасы каралбаса жалпы макулдашуу боюнча жалпы шериктер тарабынан кабыл алынат.

7. Жалпы ишти жүргүзүүгө ыйгарым укугу бар жөнөкөй шериктештик келишиминин катышуучулары эгер келишимде ал каралган болсо, өзүнчө сыйлык алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [972-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-972)  
Кийинки берене: [974-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-974)
