# 972-статья. Шериктердин жалпы мүлкү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-972>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-972.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 972-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-972

---

1. Шериктештер менчик укугундагы өздөрүнө таандык болгон мүлк, ошондой эле биргелешкен иштин натыйжасында чыгарылган продукция жана андай иштен алынган үзүр жана киреше мыйзамда же келишимде башкасы белгиленбегендиктен алардын менчигинин жалпы үлүшү деп таанылат.

Шериктердин менчигинин жалпы үлүшүндө турган мүлк, ошондой эле алардын жалпы талабы жана жалпы өзгөчө укугу шериктердин жалпы мүлкүн түзөт. Шериктердин жалпы мүлкү бардык шериктердин таламында пайдаланат.

2. Шериктердин жалпы мүлкүн бухгалтердик эсепке алуу шериктештикке катышкан юридикалык жактардын бирине тапшырылышы мүмкүн.

3. Шериктердин жалпы мүлкүн пайдалануу алардын жалпы макулдашуусу боюнча, ал эми макулдашууга жетишилбеген учурда - сот менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Жалпы мүлктү күтүү боюнча шериктештиктердин милдеттери жана ал милдеттерди аткаруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби келишимде каралат.

---

Мурунку берене: [971-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-971)  
Кийинки берене: [973-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-973)
