# 967-статья. Өз ара камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-967>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-967.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 967-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-967

---

1. Граждандар менен юридикалык жактар өз мүлкүн жана бул Кодекстин 922-статьясында көөрсөтүлгөн башка мүлктүк таламдарын өз ара камсыздандыруу коомдорун түзүү жана бул үчүн зарыл болгон каражаттарын ага бириктирүү жолу менен өз ара негизде камсыздандыра алышат.

2. Өз ара камсыздандыруу коомдору өз мүчөлөрүнүн мүлкүн жана башка мүлктүк таламдарын камсыздандырышат жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

Өз ара камсыздандыруу коомдорунун укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү жана алардын ишинин шарттары бул Кодекске ылайык өз ара камсыздандыруу жөнүндө мыйзам менен аныкталат.

3. Эгерде өз ара камсыздандыруу коомдорунун уюштуруу документтеринде төмөнкүдөй учурларда камсыздандыруу келишимин түзүү каралбаса, бул коомдор өз мүчөлөрүнүн мүлкүн жана башка мүлктүк таламдарын түздөн-түз мүчөлүктүн негизинде камсыздандырышат.

Эгерде өз ара камсыздандыруу жөнүндө мыйзамда, тиешелүү коомдун уюштуруу документтеринде же камсыздандыруунун белгиленген эрежелеринде башкасы каралбаса, бул главанын эрежелери өз ара камсыздандыруу коомунун жана анын мүчөлөрүнүн ортосундагы камсыздандыруу боюнча мамилелерге карата колдонулат.

4. Өз ара камсыздандыруу жолу менен милдеттүү түрдө камсыздандыруу өз ара камсыздандыруу жөнүндө мыйзамда каралган учурларда жүзөгө ашырылат.

5. Эгерде өз ара камсыздандыруу коомунун камсыздандыруучу катарында коомдун мүчөсү болуп саналбаган жактардын таламдарын камсыздандырышы анын уюштуруу документтеринде каралса, коом коммерциялык уюм формасында түзүлсө, тешелүү түрдөгү камсыздандырууга лицензиясы бар болсо жана Кыргыз Республикасында камсыздандыруу уюштуруу жөнүндө мыйзамда белгиленген башка талаптарга жооп берсе, ал жогоркудай камсыздандыруу ишин жүргүзө алат.

Өз ара камсыздандыруу коомунун мүчөсү болуп саналбаган жактардын таламдарын камсыздандыруу бул главанын эрежелерине ылайык камсыздандыруу келишими боюнча коом тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [966-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-966)  
Кийинки берене: [968-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-968)
