# 963-статья. Камсыздандырылган жакты алмаштыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-963>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-963.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 963-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-963

---

1. Келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишими боюнча (924-статья) камсыздандырылуучудан башка жактын жоопкерчилиги камсыздандырылган учурда, келишимде башксы каралбаса, камсыздандырылуучу камсыздандыруу убактысы жеткенге чейин муну башка жак менен алмаштыра тургандыгы жөнүндө камсыздандыруучуга кабарлап, аны алмаштырууга укуктуу.

2. Жеке камсыздандыруу келишиминде аталган камсыздандырылган жак камсыздандыруучунун макулдугу менен, ал эми келишим камсыздандырылган жактын пайдасына түзүлбөсө (927-статьянын 2-пункту), камсыздандырылган жактын да макулдугу менен камсыздандырылуучу тарабынан башка жак менен алмаштырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [962-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-962)  
Кийинки берене: [964-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-964)
