# 962-статья. Пайда алуучуну алмаштыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-962>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-962.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 962-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-962

---

Камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишиминде аталган пайда алуучуну башка жак менен алмаштыра тургандыгы жөнүндө камсыздандыруучуга жазуу жүзүндө билдирип, аны алмаштырууга укуктуу. Камсыздандырылган жактын макулдугу менен дайындалган жеке камсыздандыруу келишими боюнча (927-статьянын 2-пункту) пайда алуучуну алмаштырууга бул жактын макулдугу менен гана жол берилет. Пайда алуучу камсыздандыруу келишими боюнча милдеттеринин кайсы бирин аткаргандан жана камсыздандыруунун ордун толтургандыгы жөнүндө талапты камсыздандыруучуга көрсөткөндөн кийин ал өзүнүн макулдугу болмоюнча башка жак менен алмаштырылбайт.

---

Мурунку берене: [961-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-961)  
Кийинки берене: [963-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-963)
