# 960-статья. Зыяндын ордун толтуртууга камсыздандырылуучунун укугу камсыздандыруучуга өтүшү (суброгация)

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-960>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-960.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 960-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-960

---

1. Эгерде мүлктүк камсыздандыруу келишиминде же мыйзамда башкасы каралбаса, мындай келишим боюнча камсыздандыруунун ордун толтурган камсыздандыруучуга камсыздандыруунун натыйжасында орду толтурулган зыян үчүн жооптуу адамга карата камсыздандырылуучунун (пайда алуучунун) талап укугу төлөнгөн сумманын өлчөмүндө өтөт.

Мүлктүк камсыздандыруу келишиминин атайлап зыян келтирген жакка карата талап укугу камсыздандыруучуга өтүшүн жокко чыгарган шарты жокко эсе.

2. Камсыздандыруучуга өткөн талап укугун ал камсыздандырылуучунун (пайда алуучунун) жана зыян үчүн жооптуу жактын ортосундагы мамилелерди жөнгө салган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырат.

3. Камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруучуга бардык документтерди жана далилдерди берүүгө жана камсыздандыруучу өзүнө өткөн талап укуктарын жүзөгө ашырышы үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.

4. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулган зыян үчүн жооптуу жакка карата өзүнүн талап укугунан баш тартса же бул укукту жүзөгө ашыруу камсыздандырылуучунун (пайда алуучунун) күнөөсү боюнча мүмкүн болбосо, камсыздандыруучу камсыздандыруунун ордун толтуруудан толугу менен же анын тиешелүү бөлүгүнүн ордун толтуруудан бошотулат жана ордун толтурууда ашыкча төлөнгөн сумманын кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [959-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-959)  
Кийинки берене: [961-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-961)
