# 959-статья. Камсыздандыруу кысын төлөөдөн баш тартуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-959>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-959.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 959-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-959

---

1. Камсыздандыруучу:

1) камсыздандыруу келишиминин күчү камсыздандыруу учуру келгенге чейин токтотулганда, анын ичинде бул Кодекстин 966-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча токтотулганда;

2) бул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган негиздер боюнча, анын ичинде бул Кодекстин 967-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча камсыздандыруу келишими жокко эсе деп саналганда;

3) бул Кодекстин 959-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча камсыздандыруучу камсыздандыруу акысын төлөөдөн бошотулганда;

4) камсыздандыруучу бул Кодексте каралган негиздер боюнча, анын ичинде бул Кодекстин 923-статьясынын 2-пунктунда жана бул Кодекстин 938-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча камсыздандыруу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө же камсыздандыруу учурунун кырдаалдарын тергөөгө же келтирилген чыгымдардын өлчөмүн аныктоого камсыздандырылуучу (пайда алуучу) тоскоолдук кылгандыктан улам камсыздандыруу келишимин бузуу жөнүндө доо койгондо;

5) бул Кодекстин 956-статьясынын 2-пунктунда жана 961-статьясынын 4-пунктунда каралган учурларда;-

камсыздандырылуучуга (пайда алуучуга) камсыздандыруу акысын төлөөдөн баш тартууга укуктуу.

2. Камсыздандыруунун ордун толтуруудан баш тартуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечими аны төлөө жөнүндө арыз берген жакка ордун толтуруу үчүн белгиленген мөөнөттөн (958-статьянын 4-пункту) кечиктирбестен билдирилүүгө тийиш жана баш тартуу себебинин жүйөөлүү негизин камтууга тийиш.

3. Камсыздандыруучу камсыздандыруунун ордун толтуруудан баш тарткан учурда аны төлөө жөнүндө талап сот тартибинде коюлушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [958-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-958)  
Кийинки берене: [960-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-960)
