957-статья. Камсыздандыруу акысын төлөп берүүнүн тартиби жана мөөнөтү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 46-Глава
1. Камсыздандыруу акысын төлөп берүүгө укуктуу жактын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде камсыздандыруу акысы төлөнөт.
2. Камсыздандыруу акысын төлөп берүү жөнүндө арызга камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) жана камсыздандыруу учуру жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелүүгө же арызда бул документтерди түзүүнүн датасы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш.
Камсыздандыруу полиси боюнча камсыздандырууда (924-статьянын 3-пункту) арыз ээсине бул полистин түп нускасы милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш. Камсыздандыруу учуру жөнүндө акт жок болгон учурда камсыздандыруу учуру келгендигинин далили, ал эми мүлктүк камсыздандыруу учурунда ошондой эле камсыздандыруучу төлөп берүүгө тийиш болгон зыяндын өлчөмү көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Камсыздандыруу акысы төлөнгөнгө чейин камсыздандыруучу камсыздандыруу учурунун кырдаалын жана натыйжасынын себептерин текшерүүгө укуктуу. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушундай текшерүүгө байланышуу зарыл болушу мүмкүн болгон маалыматтарды камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү.
4. Эгерде мыйзамда же камсыздандыруу келишиминде кыйла кыска мөөнөт белгиленбесе, жеке камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүүгө тийиш болгон суммаларды камсыздандыруучу аларды төлөө жөнүндө арызды алган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирбестен төлөөгө тийиш.
Калган учурларда, эгерде камсыздандыруу келишиминде башка мөөнөт белгиленбесе, камсыздандыруу акысын камсыздандыруучу аны төлөө жөнүндө арызды алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде төлөөгө тийиш.
5. Камсыздандыруу акысын төлөп берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергенде жана анын мөөнөтү аны төлөөдөн негизсиз баш тартуудан улам келип чыкканда, камсыздандыруу акысынын суммасына бул Кодекстин 360-статьясынын 1-пунктуна ылайык проценттер кошулат жана убактысы өткөн ар бир күн үчүн убактысы өткөрүлгөн сумманын 0,1 проценти өлчөмүндө пеня төлөнөт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
957-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-957" title="957-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>