# 954-статья. Камсыздандыруу учурунун чыгымдарын азайтуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-954>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-954.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 954-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-954

---

1. Мүлктүк камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу учуру пайда болгондо, камсыздандырылуучу мүмкүн болуучу чыгымды азайтуу үчүн түзүлгөн кырдаалда акыл-эстүү жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

Мындай чараларды көрүү менен, камсыздандырылуучу алар ага билдирилген болсо камсыздандыруучунун көрсөтмөлөрүн жолдоого тийиш.

2. Камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон чыгымдарды азайтуу максатында жүргүзүлгөн сарптоолор, эгерде мындай сарптоолор камсыздандыруучунун көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн жасалса же зарыл болсо, ал чаралар натыйжасыз аяктаса да камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүгө тийиш.

Мындай сарптоолор башка чыгымдардын ордун толтуруу менен бирге камсыздандыруу суммасынан ашып кеткендигине карабастан камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркына карата пропорционалдуу катышта төлөнөт.

3. Мүмкүн болуучу чыгымдарды азайтуу үчүн камсыздандырылуучу акыл-эстүү жана жеткиликтүү чараларды атайылап көрбөгөндүгүнөн улам пайда болгон чыгымдарды төлөөдөн камсыздандыруучу бошотулат.

---

Мурунку берене: [953-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-953)  
Кийинки берене: [955-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-955)
