# 953-статья. Камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүнүн натыйжасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-953>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-953.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 953-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-953

---

1. Мүлктүк камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруучуга тараптар келишим түзүүдө негизденген жагдайларда олуттуу өзгөртүүлөр болгондугун билсе, эгерде ал өзгөртүүлөр камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүгө олуттуу таасир тийгизсе, ал жөнүндө дароо билдирүүгө милдеттүү.

Камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) жана камсыздандырылуучуга берилген камсыздандыруу эрежелеринде айтылган өзгөрүүлөр негизинен олуттуу деп таанылат.

2. Камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүгө алып келген жагдайдын өзгөрүшү жөнүндө кабардар болгон камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминин шартын же тобокелдин көбөйүшүнө жараша камсыздандыруу сыйлыгынын кошумча төлөнүшүн талап кылууга акылуу.

3. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруучуга камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүгө алып келген жагдайлардагы олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө билдирбесе (ушул статьянын 1-пункту), же камсыздандруу келишиминин шартын өзгөртүү же камсыздандыруу сыйлыгын кошумча төлөө жөнүндө камсыздандыруучунун сунушуна каршы болсо (ушул статьянын 2-пункту), камсыздандыруучу ушул Кодекстин 411-414-статьяларында каралган эрежелерге ылайык келишимди бузууну талап кылууга акылуу.

4. Эгерде камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүгө алып келген жагдайлар болбой калса, камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминин шартын өзгөртүүнү же аны бузууну талап кылууга укуксуз.

5. Жеке камсыздандыруу учурунда камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде ушул статьянын 2- жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн камсыздандыруу тобокелин өзгөртүүнүн натыйжалары келишимде ачык каралган болсо гана пайда болот.

---

Мурунку берене: [952-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-952)  
Кийинки берене: [954-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-954)
