# 952-статья. Камсыздандырылуучу жана пайда алуучунун келишим боюнча милдеттенмелерин аткарышы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-952>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-952.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 952-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-952

---

1. Пайда алуучунун пайдасына, анын ичинде пайда алуучу камсыздандырылган жак болуп саналган учурда да камсыздандыруу келишимин түзүү эгерде келишимде башкасы каралбаса, же пайдасына келишим түзүлгөн жак тарабынан камсыздандыруу милдеттери аткарылбаса, камсыздандырылуучуну ал келишим боюнча өз милдеттерин аткаруудан бошотпойт.

2. Камсыздандыруу акысын төлөп берүү жөнүндө пайда алуучу талап койгон учурда камсыздандыруучу андан пайда алуучу камсыздандырылган жак болуп саналган учурда да камсыздандырылуучуга жүктөлгөн, бирок ал аткарбаган милдетти кошуп алганда камсыздандыруу келишими боюнча өз милдеттерин аткарууну талап кылууга укуктуу. Мурда эле аткарылууга тийиш болгон өз милдеттерин аткарбай коюу же өз убагында аткарбагандык тобокелин пайда алуучу тартат.

---

Мурунку берене: [951-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-951)  
Кийинки берене: [953-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-953)
