# 949-статья. Камсыздандыруу взносу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-949>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-949.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 949-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-949

---

1. Камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүүчү (камсыздандыруу взносу) камсыздандыруу сыйлыгын төгүү каралышы мүмкүн.

2. Эгерде камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруу взносун төгүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигинин башка залалдары каралбаса, белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн кезектеги камсыздандыруу взносу камсыздандырылуучу (пайда алуучу) тарабынан бир айлык жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде ушул Кодекстин 360-статьясынын 1-пунктуна ылайык мөөнөтү өтүп кеткен взностун проценттерин кошуп эсептөө менен төлөнөт.

Жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде камсыздандыруу взносу төлөнбөсө, камсыздандыруу келишими токтотулат. Эгерде камсыздандыруу учуру кезектеги төлөө мөөнөтү өтүп кеткен камсыздандыруу взносу төлөнгөнгө чейин, бирок жеңилдетилген мөөнөттүн чегинде пайда болсо, анда камсыздандыруучу камсыздандыруу акысын төлөп берүүдө камсыздандыруу взносунун мөөнөтү өткөн суммасын эсептөөгө акылуу.

4-§. Камсыздандыруу келишимин аткаруу

---

Мурунку берене: [948-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-948)  
Кийинки берене: [950-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-950)
