# 947-статья. Биргелешип камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049076)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=54892..56430>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-947>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-947.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 947-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-947

---

1. Камсыздандыруу объектиси бир келишим боюнча бир нече камсыздандыруучулар тарабынан биргелешип камсыздандырылышы мүмкүн (биргелешип камсыздандыруу). Эгерде мындай келишимде камсыздандырылуучунун (пайда алуучунун) алдындагы ар бир камсыздандыруучунун милдеттери аныкталбаса, алар мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу акысын төлөп берүү же жеке камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасын төлөп берүү үчүн чогуу жооп беришет.

2. Эгерде камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ири жана өзгөчө ири тобокелдерди биргелешип камсыздандыруу үчүн биргелешкен камсыздандыруучулар биргелешкен иш жөнүндө келишимдин негизинде жөнөкөй шериктештиктерди (камсыздандыруу пулдарын) түзө алышат.

(КР 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [946-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-946)  
Кийинки берене: [948-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-948)
