947-статья. Биргелешип камсыздандыруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 46-Глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Камсыздандыруу объектиси бир келишим боюнча бир нече камсыздандыруучулар тарабынан биргелешип камсыздандырылышы мүмкүн (биргелешип камсыздандыруу). Эгерде мындай келишимде камсыздандырылуучунун (пайда алуучунун) алдындагы ар бир камсыздандыруучунун милдеттери аныкталбаса, алар мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу акысын төлөп берүү же жеке камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасын төлөп берүү үчүн чогуу жооп беришет.
2. Эгерде камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ири жана өзгөчө ири тобокелдерди биргелешип камсыздандыруу үчүн биргелешкен камсыздандыруучулар биргелешкен иш жөнүндө келишимдин негизинде жөнөкөй шериктештиктерди (камсыздандыруу пулдарын) түзө алышат.
(КР 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
947-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий")"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
24.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…камсыздандыруу суммасын төлөп берүү үчүн чогуу жооп беришет.
2. алынып салынды: Ири кошулду: Эгерде камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ири жана өзгөчө ири тобокелдерди биргелешип камсыздандыруу үчүн биргелешкен камсыздандыруучулар биргелешкен иш алынып салынды: жөнүндөгү кошулду: жөнүндө келишимдин негизинде жөнөкөй алынып салынды: шериктештикти кошулду: шериктештиктерди (камсыздандыруу пулдарын) түзө алышат.
кошулду: (КР 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-947" title="947-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>