# 945-статья. Эки жолку камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-945>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-945.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 945-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-945

---

1. Ушул Кодекстин 945-статьясында каралган эрежелер бир эле мүлктү же ишкердик тобокелин эки же бир нече камсыздандыруучуда (эки жолку камсыздандыруу) камсыздандыруунун натыйжасында камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу наркынан ашып кеткен учурга да колдонулат.

2. Мүлктү же ишкердик тобокелин эки жолу камсыздандырууда камсыздандыруу келишиминин ар бири камсыздандыруу суммасынын бардык камсыздандыруу келишими боюнча жалпы камсыздандыруу суммасынан пропорционалдуу ашышы боюнча ошол келишимдин камсыздандыруу суммасынын бөлүгүндө жокко эсе болуп саналат.

Камсыздандыруу келишими анык бойдон калган камсыздандыруу суммасынын чегинде ар бир камсыздандыруучу камсыздандыруу акысын алар түзгөн келишимге ылайык төлөп берүүгө милдеттенет, бирок бардык камсыздандыруучулардан алынган камсыздандыруу акысынын жалпы суммасы камсыздандыруу учурунан улам пайда болгон реалдуу зыяндан ашпоого тийиш. Камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруу акысын түзүлгөн келишимде каралган камсыздандыруу суммасынын чегинде ар кандай камсыздандыруучудан алууга укуктуу. Эгерде алган камсыздандыруу акысы реалдуу зыянды жаппаса, камсыздандырылуучу (пайда алуучу) жетпеген сумманы башка камсыздандыруучудан алууга укуктуу. Эки жолку камсыздандырууда келтирилген зыяндын ордун башка камсыздандыруучу төлөп бергендигине байланыштуу камсыздандыруу акысын толугу менен же жарым-жартылай төлөөдөн бошотулган камсыздандыруучу үнөмдөлүп калган сумманын тийиштүү бөлүгүн ошол камсыздандыруучуга кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Эки жолку камсыздандырууда ар бир камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун, камсыздандырылган жактын жана пайда алуучунун алдында өзүнүн камсыздандыруу милдеттенмесин башка камсыздандыруучулар милдеттенмесин аткаргандыгына көз каранды болбостон өз алдынча аткарат.

---

Мурунку берене: [944-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-944)  
Кийинки берене: [946-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-946)
