# 944-статья. Камсыздандыруу наркынан ашык камсыздандыруунун кесепети

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-944>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-944.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 944-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-944

---

1. Эгерде мүлктү же ишкердик тобокелин камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу келишиминен ашып кетсе, камсыздандыруу наркынан ашып кеткен камсыздандыруу суммасынын бөлүгүндө келишим жокко эсе деп саналат.

Андай болгондо камсыздандыруу сыйлык акысынын ашыкча төлөнгөн бөлүгү кайра кайтарылбайт.

2. Эгерде камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруу сыйлык акысы убакытты узартуу менен төлөнсө жана ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар белгиленген учурга карата ал толук төлөнбөсө, камсыздандыруу взносунун калган бөлүгү камсыздандыруу суммасынын азайтылган өлчөмүнө пропорционалдуу азайтылган өлчөмдө төлөнүүгө тийиш.

3. Эгерде камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу суммасынын ашып кетиши камсыздандырылуучу тараптан алдоонун натыйжасында болсо, камсыздандыруучу камсыздандыруу келишимин толугу менен жараксыз деп таанууну жана ага муну менен келтирилген зыянды камсыздандырылуучудан алган камсыздандыруу сыйлык акысынан ашкан суммадагы өлчөмдө төлөтүүнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [943-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-943)  
Кийинки берене: [945-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-945)
