# 940-статья. Камсыздандыруу суммасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-940>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-940.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 940-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-940

---

1. Камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруу мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу акысынын чегинде төлөп берүүгө милдеттүү болгон же ал жеке камсыздандыруу келишими боюнча төлөп берүүгө милдеттүү болгон сумма, эгерде ушул Кодексте же башка мыйзамдарда башкасы белгиленбесе, ал камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун макулдашуусу боюнча аныкталат.

2. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдын негизинде түзүлгөн камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу суммасы тийиштүү мыйзам менен аныкталган минималдуу өлчөмдөн төмөн болбоого тийиш.

3. Мүлктү же ишкердик тобокелин камсыздандырууда, эгерде камсыздандыруу келишиминде башкасы каралбаса, камсыздандыруу суммасы алардын чыныгы наркынан (камсыздандыруу наркы) ашып кетпөөгө тийиш, ал мындай деп эсептелиниши мүмкүн:

соода-сатык келишими же башка акы төлөнүүчү келишим боюнча ажыратылган мүлк үчүн - анын ушул келишим боюнча наркы; башка мүлк үчүн - камсыздандыруу келишимин түзгөн күнү ал турган жердеги анык наркы; ишкердик тобокели үчүн - камсыздандыруу учуру келген болсо камсыздандыруучу тартышы мүмкүн болгон ишкердиктин чыгымдары.

---

Мурунку берене: [939-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-939)  
Кийинки берене: [941-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-941)
