# 939-статья. Башкы полис боюнча камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-939>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-939.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 939-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-939

---

1. Белгилүү мөөнөттүн ичинде бирдей шартта бир тектүү мүлктөрдүн (товарлардын, жүктөрдүн ж.б.) ар кандай партиясын системалуу түрдө камсыздандыруу камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун макулдашуусу боюнча бир камсыздандыруу келишиминин - башкы полистин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Башкы полис колдонулган мүлктүн ар бир партиясына карата камсыздандырылуучу мындай полис менен шартталган маалыматтарды анда каралган мөөнөттө, ал эми ал каралбаса аны алар замат камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандырылуучу эгерде мындай маалыматтарды алган учурга карата камсыздандыруучуга чыгымдардын ордун толтуруу мүмкүнчүлүгү өтүп кетсе да андай милдеттен бошотулбайт.

3. Эгерде башкы полисте башкасы каралбаса камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун талабы боюнча башкы полистин күчү колдонулган мүлктүн айрым партиялары боюнча камсыздандыруу полисин берүүгө милдеттүү.

Камсыздандыруу полисинин мазмуну башкы полиске ылайык келбеген учурда камсыздандыруу полисине артыкчылык берилет.

3-§. Камсыздандыруу суммасы, камсыздандыруу наркы жана камсыздандыруу сыйлык акысы

---

Мурунку берене: [938-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-938)  
Кийинки берене: [940-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-940)
