# 937-статья. Келишим түзүүдө камсыздандырылуучу берүүчү маалыматтар

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-937>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-937.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 937-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-937

---

1. Камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга камсыздандыруу учуру келишинин мүмкүнчүлүгүнүн жана ал учур (камсыздандыруу тобокели) келгенде пайда болуучу чыгымдрдын болжолдуу өлчөмүн аныктоо үчүн олуттуу мааниси бар өзүнө белгилүү жагдайларды билдирүүгө милдеттүү.

Камсыздандырылуучуга берилген камсыздандыруу эрежелеринде же кат жүзүндөгү суроо-талапта камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) стандарттуу формасында камсыздандыруучу тарабынан ачык айтылган жагдайлар олуттуу деп таанылат.

2. Эгерде камсыздандыруу келишими камсыздандыруучунун кайсы бир суроолоруна камсыздандырылуучунун жообу жокто түзүлгөндө, камсыздандыруучу кийин келишимди бузууну же тийиштүү жагдайлар камсыздандырылуучу тарабынан билдирилбегендигинин негизинде аны жараксыз деп таануу жөнүндө талап кыла албайт.

3. Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар жөнүндө атайлап жалган маалымат бергендиги аныкталса, камсыздандыруучу келишимди жараксыз деп табууну жана ушул Кодекстин 197-статьясынын 2-пунктунда каралган жобону колдонууну талап кылууга акылуу.

Камсыздандыруучу эгерде камсыздандырылуучу айтпай койгон жагдайлар керексиз болуп калса, келишимди анык эмес деп таанууну талап кыла албайт.

---

Мурунку берене: [936-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-936)  
Кийинки берене: [938-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-938)
