# 936-статья. Келишимде жана камсыздандыруу эрежелеринде камсыздандыруу шарттарын аныктоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-936>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-936.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 936-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-936

---

1. Камсыздандыруу келишими түзүлүп жаткан шарт келишимдин өзүндө (камсыздандыруу полисинде), ошондой эле камсыздандыруучу же камсыздандыруучулардын бирикмеси кабыл алган, жактырган же бекиткен тийиштүү түрдөгү камсыздандыруунун стандарттык эрежелеринде (камсыздандыруу эрежелери) аныкталышы мүмкүн.

2. Камсыздандыруу эрежесинде камтылган жана камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полиси) тексттине киргизилбеген шарт эгерде келишимде (камсыздандыруу полисинде) мындай эрежелерди колдонуу тике көрсөтүлсө жана эрежелердин өзү келишим (камсыздандыруу полиси) менен бир документте же анын арткы бетинде баяндалса, же ага тиркелсе, камсыздандырылуучу (пайда алуучу) үчүн милдеттүү болуп саналат. Соңку учурда келишим түзүүдө камсыздандырылуучуга камсыздандыруу эрежесин тапшырууда келишимге жазылгандыгы ырасталууга тийиш.

3. Камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу жана камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминин айрым жоболорун өзгөртүү же алып салуу жөнүндө жана келишимге эрежеде жок жоболорду киргизүү жөнүндө макулдаша алат.

4. Камсыздандырылуучу (пайда алуучу) өз пайдасын коргоодо тийиштүү түрдөгү камсыздандыруу эрежелерине, эгер ал эрежелер ушул статьянын колдонулушуна жараша ал үчүн милдеттүү болбосо да, таянууга акылуу, ал үчүн камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) шилтеме бар.

5. Келишимдин стандарттуу формасын (935-статьянын 3-пункту) жана (же) камсыздандыруунун стандарттуу эрежелерин пайдалануу менен камсыздандыруу келишими түзүлгөндө ал түзүлгөн келишим, эгерде камсыздандыруучу башкасын далилдебесе бириктирүү келишими (387-статья) деп эсептелинет.

---

Мурунку берене: [935-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-935)  
Кийинки берене: [937-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-937)
