# 935-статья. Камсыздандыруу келишиминин олуттуу шарттары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-935.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 935-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-935

---

1. Камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда мүлктүк камсыздандыруу келишимин түзүүдө төмөнкүдөй макулдашууга жетишилүүгө тийиш:

1) белгилүү мүлк же камсыздандыруунун объектиси болуп саналган башка мүлктүк талам жөнүндө;

2) камсыздандыруу жүргүзүлө турган окуянын мүнөзү (камсыздандыруу окуясы) жөнүндө;

3) камсыздандыруу суммасынын өлчөмү жөнүндө;

4) келишимди колдонуу мөөнөтү жөнүндө.

2. Камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда жеке камсыздандыруу келишимин түзүүдө төмөнкүдөй макулдашууга жетишилүүгө тийиш:

1) камсыздандырылуучу жак жөнүндө;

2) камсыздандыруу жүргүзүлө турган окуянын мүнөзү (камсыздандыруу окуясы) жөнүндө;

3) камсыздандыруу суммасынын өлчөмү жөнүндө;

4) келишимди колдонуу мөөнөтү жөнүндө.

3. Эгерде ушул статьяда көрсөтүлгөн камсыздандыруунун кандайдыр бир шарттары жөнүндөгү камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда макулдашууга жетишилбесе, камсыздандыруу келишими түзүлдү деп эсептелбейт. Бирок камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдын негизинде түзүлгөн учурда жана келишимде аныкталбаган шарт тийиштүү мыйзамда так аныкталган учурда (930-статья) бул эреже колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [934-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-934)  
Кийинки берене: [936-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-936)
