# 934-статья. Камсыздандыруу келишиминин формасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-934>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-934.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 934-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-934

---

1. Камсыздандыруу келишими кат жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

Кат жүзүндөгү форманы сактабагандык камсыздандыруу келишиминин жараксыздыгына алып келет. Мындай келишим жокко эсе деп саналат.

2. Камсыздандыруу келишими бир документти түзүү (395-статьянын 2-пункту) же камсыздандырылуучунун кат жүзүндөгү же оозеки арызынын негизинде камсыздандыруучу тарабынан ага өзү кол койгон камсыздандыруу полисин (күбөлүктү, сертификатты, дүмүрчөктү) берүү жолу менен түзүлүшү мүмкүн. Соңку учурда камсыздандырылуучунун келишим түзүүгө макулдугу камсыздандыруучудан камсыздандыруу полисин кабыл алуу менен ырасталат.

3. Келишим түзүүдө камсыздандыруучу камсыздандыруунун айрым түрлөрү боюнча камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полиси) өзү иштеп чыккан стандарттуу формасын колдонууга акылуу.

4. Камсыздандыруу полиси жоголгон учурда камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга анын эсебинен полистин дубликатын берүүгө милдеттүү.

Талап кылуучунун жоголгон камсыздандыруу полиси боюнча укукту калбына келтирүү (923-статьянын 3-пункту) процессуалдык мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [933-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-933)  
Кийинки берене: [935-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-935)
