# 932-статья. Кайра камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-932>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-932.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 932-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-932

---

1. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу өзүнө алган камсыздандыруу акысын төлөп берүү тобокели соңку жак түзгөн кайра камсыздандыруу келишими боюнча башка камсыздандыруучудан (камсыздандыруучулардан) толугу менен же жарым жартылай камсыздандырылышы мүмкүн.

Мыйзамда каралган учурларда камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими боюнча өзү кабыл алган тобокелди кайра камсыздандырууга милдеттүү.

2. Кайра камсыздандыруу келишимине ушул главанын камсыздандыруунун ээлик кылуу тобокелине тиешелүү эрежелери колдонулат. Мында камсыздандыруу келишими (негизги келишим) боюнча кайра камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучу бул соңку келишимде камсыздандырылуучу болуп эсептелет.

3. Кайра камсыздандырууда негизги камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылучунун алдында камсыздандыруу акысын төлөп берүү үчүн жоопкер болуп ушул келишим боюнча камсыздандыруучу чыгат.

4. Эки же бир нече кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча ошол эле тобокелди ырааттуу түрдө кайра камсыздандырууга жол берилет.

---

Мурунку берене: [931-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-931)  
Кийинки берене: [933-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-933)
