# 930-статья. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү эрежени бузуунун кесепеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-930>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-930.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 930-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-930

---

1. Мыйзам боюнча пайдасына милдеттүү камсыздандыруу жүргүзүлүүгө тийиш болгон жак эгерде ага камсыздандыруу жүргүзүлбөгөндүгү белгилүү болсо, камсыздандырылуучу катары камсыздандыруу милдети жүктөлгөн адамдан аны жүргүзүүнү сот тартибинде талап кылууга акылуу.

2. Эгерде камсыздандырылуучу катары милдеттүү камсыздандыруу жүктөлгөн жак камсыздандыруу жүргүзбөсө же камсыздандыруу келишимин мыйзамда каралган шарттарга салыштырганда пайда алуучунун абалын начарлатуучу шартта жүргүзгөн болсо, ал камсыздандыруу окуясы пайда болгон учурда пайда алуучунун алдында талаптагыдай камсыздандыруу жүргүзүлгөн учурда камсыздандыруу акысы төлөп берилүүгө тийиш болгондой шартта жооп берет. Мындай жоопкерчилик аны пайда алуучунун (жабыр тартуучунун) алдында башка негиздер боюнча (эмгек же башка келишим, же болбосо зыян келтирүүнүн кесепети боюнча) жоопкерчиликтен бошотпойт.

3. Камсыздандырылуучу катары камсыздандыруу милдети жүктөлгөн жак негизсиз жыйган сумма анын бул милдетти аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам Мамлекеттик камсыздандырууга көзөмөлдүк кылуу органдарынын доосу боюнча ушул Кодекстин 360-статьясынын 1-пунктуна ылайык проценттерин кошуп эсептөө менен Кыргыз Республикасынын кирешесине өндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [929-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-929)  
Кийинки берене: [931-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-931)
