# 928-статья. Милдеттүү камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-928>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-928.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 928-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-928

---

1. Мыйзам менен төмөнкүлөрдү камсыздандыруу милдеттендирилиши мүмкүн:

мыйзамда аныкталган жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген учурларга алардын өмүрү, ден соолугу же мүлкү; башка жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилиши мүмкүн болгондо же башка жактардын келишимди бузушунда граждандык жоопкерчилик тобокели. Мыйзам менен милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү да белгилениши мүмкүн, бирок гражданинге өз өмүрүн же ден соолугун камсыздандыруу милдети жүктөлүшү мүмкүн эмес.

2. Мүлктү камсыздандыруу милдети мыйзамдан келип чыкпастан, мүлктүн ээси менен келишимге (арендалык келишим, күрөө келишими ж.б.) же мүлктүн ээси болуп саналган юридикалык жактын уюштуруу документтерне негизделген учурда мындай камсыздандыруу ушул статьянын маңызынан алганда милдеттүү болуп саналбайт жана ушул Кодекстин 931-статьясында каралган натыйжаларга алып келбейт.

---

Мурунку берене: [927-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-927)  
Кийинки берене: [929-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-929)
