# 927-статья. Топтошуп камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-927>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 927-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-927

---

1. Топтошуп (жамаатташып) камсыздандырууда бир камсыздандыруу келишими боюнча бир несе жактардын өмүрү, ден соолугу жана (же) мүлкү камсыздандырылышы мүмкүн.

2. Топтошуп камсыздандыруу персоналдык, ошондой эле айрым категориядагы адамдарды гана камтыган жалпы болушу мүмкүн.

Жалпы камсыздандырууда камсыздандырылган жактардын чөйрөсү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу окуясын, ар бир камсыздандырылган жакка карата анын натыйжаларын жана ага камсыздандыруунун акысын төлөп берүү өлчөмүн индивидуалдаштыруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө конкреттештирилүүгө тийиш.

3. Топтошуп камсыздандыруу келишими боюнча мамилелерге карата жеке камсыздандыруу жана мүлктүк камсыздандыруу жөнүндөгү ушул Кодекстин тийиштүү жоболору колдонулат.

---

Мурунку берене: [926-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-926)  
Кийинки берене: [928-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-928)
