# 925-статья. Зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-925>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 925-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-925

---

1. Жоопкерчилик тобокелин камсыздандыруу келишими боюнча башка жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелер боюнча камсыздандырылуучунун өзүнүн же мындай жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн болгон башка жактын жоопкерчилик тобокели камсыздандырылышы мүмкүн.

2. Зыян келтирүү үчүн жоопкерчилик тобокели камсыздандырылган жак камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде бул жак келишимде көрсөтүлбөсө, камсыздандырылуучунун өзүнүн жоопкерчилик тобокели камсыздандырылды деп эсептелет.

3. Зыян келтирүү үчүн жоопкерчилик аны камсыздандыруу милдеттүү болгондугунан улам, ошондой эле мындай жоопкерчиликти камсыздандыруу мыйзам же камсыздандыруу келишиминде белгиленген башка учурларда камсыздандырылган болсо камсыздандыруу келишими пайдасына түзүлдү деп эсептелген жак камсыздандыруучунун өзүнө камсыздандыруунун суммасынын чектеринде зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [924-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-924)  
Кийинки берене: [926-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-926)
