# 924-статья. Мүлктү камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281634..1281635>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-924>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 924-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-924

---

1. Мүлк камсыздандыруу келишими боюнча ал мүлктү сактоого мыйзамда, башка нормативдик укуктук актыда же келишимде негиз бар болсо ал жактын (камсыздандырылуучунун же пайда алуучунун) пайдасына - менчик ээсинин, мүлккө башка буюм укугу бар жактын, сатып алуучунун, арендатордун, подрядчынын, сактоочунун, комиссиялоочунун жана башкалардын пайдасына камсыздандырылышы мүмкүн.

2. Камсыздандыруу учуру келгенге карата камсыздандырылган мүлктү сактоого камсыздандырылуучунун жана пайда алуучунун кызыкчылыгы болбогон учурда түзүлгөн мүлктү камсыздандыруу келишими камсыздандыруучунун доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

3. Пайда алуучунун пайдасына мүлктү камсыздандыруу келишими пайда алуучунун атын же фирмалык аталышын көрсөтпөстөн түзүлүшү мүмкүн.

Мындай келишимди түзүүдө камсыздандырылуучуга талап кылуучунун камсыздандыруу полиси берилет. Мындай келишим боюнча укукту ишке ашырууда мындай полисти камсыздандыруучуга сунуш кылуу зарыл. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [923-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-923)  
Кийинки берене: [925-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-925)
