# 923-статья. Мүлктүк камсыздандыруу келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-923>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-923.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 923-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-923

---

1. Мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча бир тарап (камсыздандыруучу) келишимде шартталган акы (камсыздандыруу сыйлыгы) үчүн келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) пайда болгондо экинчи тарапка (камсыздандырылуучуга) же келишим пайдасына түзүлгөн башка жакка (пайданы алуучуга) ал окуянын кесепетинен камсыздандырылган мүлктүн чыгымын же камсыздандырылуучунун башка камсыздандырылган мүлктүк таламдарына байланыштуу чыгымдарды келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасы) чегинде төлөп берүүгө (камсыздандыруунун ордун толтурууга) милдеттенет.

2. Мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча төмөнкүдөй мүлктүк таламдар камсыздандырылышы мүмкүн:

1) белгилүү бир мүлктүн толук жоголуу (кыйроо), кемүү же бузулуу тобокели (923-статья);

2) граждандык жоопкерчилик тобокели - башка жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүнүн кесепетинен пайда болгон милдеттенмелер боюнча тобокел, ал эми мыйзамда каралган учурларда, келишим боюнча жоопкерчилик тобокели (924- жана 925-статьялар);

3) ишкердик тобокели - ишкердин контрагенттеринин өз милдеттенмелерин бузушунан улам же ишкерге байланышпаган жагдайлар боюнча ал иштин шарттарынын өзгөрүшүнөн улам ишкердиктен зыян тартуу тобокели, анын ичинде күтүлгөн кирешени албай калуу тобокели (926-статья).

---

Мурунку берене: [922-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-922)  
Кийинки берене: [924-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-924)
