# 9211-статья. Исламдык камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 90 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/230026486)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=27533..32045>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-9211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-9211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 9211-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-9211

---

1. Исламдык камсыздандыруу келишими болуп ушул главанын 2-параграфына жана камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга ылайык түзүлгөн камсыздандыруу келишими саналат.

2. Исламдык камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучу төлөгөн камсыздандыруу сыйлыгы, ошондой эле камсыздандыруу сыйлыктарын инвестициялоонун натыйжасында алынган кирешелер исламдык камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылуучуларга (пайда табуучуларга) камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн камсыздандыруучу тарабынан түзүлүүчү исламдык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруучу тарабынан которулууга тийиш.

3. Исламдык камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу алган камсыздандыруу сыйлыктары, ошондой эле исламдык камсыздандыруу фондун түзгөн башка мүлк камсыздандыруучуга менчик укугунда таандык болбойт.

4. Камсыздандыруучу исламдык камсыздандыруу келишими боюнча, камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген талаптарга жана түзүлгөн исламдык камсыздандыруу келишимине ылайык, исламдык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебинен исламдык камсыздандыруу фондун башкарганы үчүн сыйлык акы алууга укуктуу.

5. Исламдык камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун, исламдык камсыздандыруу фондун түзүүнүн, эсепке алуунун, пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн, ошондой эле исламдык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу камсыздандыруучулардын укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү жана алардын ишинин шарттары ушул Кодекске жана камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга ылайык аныкталат.

(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [921-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-921)  
Кийинки берене: [922-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-922)
