# 921-статья. Ыктыярдуу жана милдеттүү камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-921>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-921.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 921-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-921

---

1. Камсыздандыруу гражданин же юридикалык жак (камсыздандырылуучу) камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен түзүлгөн мүлктүк же жеке камсыздандыруу келишиминин негизинде жүргүзүлөт.

Камсыздандыруу келишими ачык келишим болуп саналат (386-статья).

2. Мыйзам менен анда көрсөтүлгөн адамдарга камсыздандырылуучу катары башка адамдардын өмүрүн, ден соолугун же мүлкүн камсыздандыруу милдети же өзүнүн эсебинен же болбосо таламдаш жактардын (милдеттүү камсыздандыруу) эсебинен башка адамдардын алдындагы граждандык жоопкерчилиги жүктөлгөн учурда камсыздандыруу ушул главанын эрежелерине ылайык келишим түзүү жолу менен жүргүзүлөт.

Милдеттүү камсыздандырууда камсыздандырылуучу камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруунун ушул түрүн жөнгө салган мыйзамда каралган шарттарда мүлктүк же жеке камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [920-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-920)  
Кийинки берене: [9211-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-9211)
