# 920-статья. Талаш-тартыш предмети болуп саналган буюмдарды сактоо (секвестр)

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-920>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-920.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 920-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-920

---

1. Секвестр жөнүндө келишим боюнча буюмга укук жөнүндө ортосунда талаш-тартыш келип чыккан эки же бир нече жактар талаш буюмду үчүнчү жакка беришет, ал талаш чечилгенден кийин соттун чечими боюнча же бардык талашкан жактардын макулдашуусу боюнча ал ыйгарылган жакка кайтарууга милдеттенет (келишимдик секвестр).

2. Эки же бир нече жактардын ортосунда талаш-тартыш предмети болуп саналган буюм соттун чечими боюнча секвестр тартибинде сактоого берилиши мүмкүн (сот секвестри).

Сот дайындаган жак, ошондой эле талашкан тараптардын өз ара макулдугу боюнча аныкталган жак сот секвестри боюнча сактоочу болушу мүмкүн. Эгерде мыйзамдарда башкача белгиленбесе, эки учурда тең сактоочунун макулдугу талап кылынат.

3. Секвестр тартибинде сактоого кыймылдуу, ошондой эле кыймылсыз буюмдар берилиши мүмкүн.

4. Эгерде келишимде же секвестр белгиленген сот чечиминде башкача каралбаса, секвестр тартибинде буюмду сактоочу талашкан тараптардын эсебинен сыйлык акы алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [919-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-919)  
Кийинки берене: [921-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-921)
