# 919-статья. Мейманканада сактоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 919-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-919

---

1. Мейманкана анда жашаган адам менен өзгөчө макулдашуу түзбөстөн эле акча, баалуу кагаздар жана башка валюта каражаттарынан тышкары ага алып келинген буюмдардын жоголуп, жетпей же бузулуп калышы үчүн, жоголуп кетүү же бузулуу ал жеткис күчтөрдүн, буюмдун өзүнүн сапаттарынын же жашаган адамдын өзүнүн күнөөсүнүн себебинен болгондон башка учурларда, сактоочу катары жооп берет.

Мейманканага алып келинген буюм катары мейманкананын кызматчыларына өткөрүп берилген же буга арналган жайларга (мейманкана номерине ж.б.) коюлган буюм эсептелет.

2. Акча, баалуу кагаздар, башка валюта каражаттарынын жана башка баалуу буюмдардын жоголуп кеткендиги үчүн мейманкана, эгерде алар сактоого кабыл алынган же мейманкана тарабынан жашаган адамга берилген сейфке ал адам тарабынан салынган учурда, ал сейф анын номеринде же башка жерде тургандыгына карабастан, жооп берет. Мейманкана, эгерде сактоонун шарты боюнча кимдир-бирөөнүн сейфке анда жашаган адамга билдирбестен кириши мүмкүн эместигин же ал жеткис күчтөрдүн айынан болгондугун далилдесе, сейфтин ичиндегисинин сакталуу болушу үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Өзүнүн буюмдарынын жоголгондугун, жетпей калгандыгын же бузулгандыгын аныктаган жашоочу токтоосуз мейманканын администрациясына билдирүүгө милдеттүү. Болбосо мейманка буюмдардын сакталышы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

4. Мейманкана тарабынан жашоочулардын буюмунун жоголуп кетиши үчүн жоопкерчилик милдетин албай тургандыгынын жарыяланышы аны жоопкерчиликтен бошотпойт.

---

Мурунку берене: [918-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-918)  
Кийинки берене: [920-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-920)
