# 917-статья. Транспорт уюмдарынын сактоо камераларында сактоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-917>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-917.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 917-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-917

---

1. Транспорт уюмдарынын карамагында болгон сактоо камералары жүргүнчүлөрдөн жана башка граждандардан буюмдарды, алардын жол жүрүү билеттеринин бар-жогуна карабастан сактоого абыл алууга милдеттүү. Транспорт уюмдарынын сактоо камераларында буюмдарды сактоо келишими ачык түзүлгөн келишим деп табылат (386-статья).

2. Буюмдардын сактоо камераларында (автомат камералардан тышкары) сактоого кабыл алынгандыгын ырастоо иретинде номердик жетон же квитанция берилет. Номердик жетон же квитанция жоголуп кеткен учурда сактоо камераларына өткөрүлгөн буюмдар буюм өткөрүүчүгө таандык экендиги ырасталганда берилет.

3. Буюмдар сактоо камераларына сактоого атайын эрежелерде же тараптардын макулдашуусунда белгиленген мөөнөттүн чектеринде өткөрүлүшү мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде кайра талап кылынбаган буюмдарды сактоо камерасы дагы отуз күн сактоого тийиш. Бул мөөнөт өткөндөн кийин кайра талап кылынбаган буюм ушул Кодекстин 892-статьясынын 2-пунктуна ылайык сатылышы мүмкүн.

4. Буюм өткөрүүчүнүн сактоо камерасына өткөрүлгөн буюму жоголуп, жетпей калып же бузулуп калгандыгынан улам ага келтирилген зыяндын орду буюмду өткөрүүдө аны өткөрүүчү тарабынан бааланган сумманын чектеринде төлөп берүү жөнүндө талап коюлган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде толтурулуп берилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [916-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-916)  
Кийинки берене: [918-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-918)
