# 915-статья. Баалуу буюмдарды банкта сактоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 915-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-915

---

1. Банк баалуу кагаздарды, асыл металлдарды жана таштарды, баалуу буюмдарды жана башка баалуулуктарды, ошондой эле документтерди сактоого кабыл ала алат.

2. Баалуу буюмдарды банкта сактоо келишими банк тарабынан буюм өткөрүүчүгө жекече сактоо документин берүү менен түзүлөт жана аны көрсөтүү буюм өткөрүүчүнүн банкта сакталуучу баалуу буюмдарын кайтарып берүү үчүн негиз болот.

3. Баалуу кагаздарды сактоо (депозит) келишиминде белгиленген учурларда банк алардын сакталуусун камсыз кылуу менен бирге бул кагаздарга карата юридикалык мааниге ээ болгон аракеттерди (өкүлчүлүк кылуу ж.б.) да ишке ашыра алат.

---

Мурунку берене: [914-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-914)  
Кийинки берене: [916-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-916)
