# 913-статья. Ломбардда сактоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-913>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-913.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 913-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-913

---

1. Гражданинге таандык буюмдарды ломбардда сактоо келишими ачык келишим деп эсептелет (386-статья).

2. Буюмдарды ломбардда сактоо келишими ломбард тарабынан жекече сактоо квитанциясын берүү менен түзүлөт.

3. Ломбардга сактоого берилип жаткан буюм тараптардын макулдашуусу боюнча ушундай түрдөгү жана сапаттагы буюмдардын сактоого кабыл алынып жаткан жердеги жана ошол учурдагы соодада белгиленүүчү баасына ылайык бааланууга тийиш.

4. Ломбард сактоого кабыл алынган буюмдарды буюмду өткөрүүчүнүн пайдасына жана өзүнүн эсебинен ушул статьянын 3-пунктуна ылайык коюлган баанын толук суммасына камсыздандырууга тийиш.

---

Мурунку берене: [912-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-912)  
Кийинки берене: [914-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-914)
