# 911-статья. Товарды коштолгон складдык күбөлүк боюнча берүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 июня 2018 года № 61 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111794)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281639..1281640>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-911>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-911.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 911-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-911

---

1. Товардык склад складдык жана күрөөлүк күбөлүктүн (коштолгон складдык күбөлүк) кармоочусуна товарды бул эки күбөлүккө чогуусу менен алмашуу аркылуу берет.

2. Күрөө күбөлүгү болбогон, бирок ал боюнча карыздын суммасын төлөгөн же болбосо күрөө кармоочу менен күрөө предметин алмаштыруу жөнүндө же күрөө предметин жарым-жартылай бошотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен складдык күбөлүктүн кармоочусуна товар склад тарабынан складдык күбөлүгүнө алмашкан сыяктуу болгондой жана аны менен кошо күрөө предмети бошотулганын жана күрөө күбөлүгү боюнча акчалай милдеттенмелер төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер көрсөтүлгөн шартта берилет.

3. Складдык жана күрөөлүк күбөлүктү кармоочу товарды бөлүк-бөлүгү боюнча берүүнү талап кылууга укуктуу. Бул учурда алгачкы күбөлүктүн ордуна складда калган товар үчүн жаңы күбөлүк берилет.

(КР 2018-жылдын 21-июнундагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [910-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-910)  
Кийинки берене: [912-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-912)
