# 907-статья. Коштолгон складдык күбөлүк

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 июня 2018 года № 61 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111794)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.06.2018 [Закон КР от 21 июня 2018 года № 61 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111794); 08.06.2017 [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599); 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281639..1281640>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-907>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-907.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 907-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-907

---

1. Коштолгон складдык күбөлүк эки бөлүктөн - складдык күбөлүктөн жана күрөөлүк күбөлүктөн (варранттан) турат жана алар бири биринен ажыратылышы мүмкүн.

2. Коштолгон складдык күбөлүктүн эки бөлүгүндө тең төмөндөгүлөр бирдей көрсөтүлүүгө тийиш:

1) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), товарды сактоого кабыл алган товардык складдын аталышы жана дареги;

2) складдык күбөлүктүн складдын реестри боюнча номери;

3) товарды сактоого кабыл алынган салык төлөөчүнүн (СИН) - юридикалык жактын аталышы, жайгашкан жери, идентификациялык номери же болбосо салык төлөөчүнүн (ИЖН) - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жашаган жери, идентификациялык жеке номери;

4) сактоого кабыл алынган товардын аталышы, сапат жөнүндө маалыматтар жана саны - бирдигинин жана (же) товардык орундарынын саны жана товардын өлчөмү (салмагы, көлөмү);

5) товардын сактоого кабыл алынган мөөнөтү, эгерде мындай мөөнөт белгиленсе, же болбосо товардын кайра талап кылынганга чейин сактоого кабыл алынгандыгын көрсөтүү;

6) сактоо үчүн акынын өлчөмү же акыны эсептөө үчүн негиз болуучу тариф жана сактоо үчүн төлөөнүн тартиби;

7) складдык күбөлүктүн берилген датасы, бланктын сериясы жана номери;

7-1) укуктарды өткөрүп берүү (индоссамент) жөнүндө маалыматтар; 7-2) товардык складдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталганы жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары (каттоо номери, берилген датасы); 7-3) товардык складдын складдык күбөлүктөрдү кармоочулардын алдында товардык складдын милдеттенмелерин аткаруу кепилдигин берүү системасына катышуусу жөнүндө маалымат же товардык складдын складдык күбөлүктү кармоочунун алдында жарандык-укуктук жоопкерчиликти камсыздандыруусу жоктугу жөнүндө белги; 7-4) ушул Кодекстин 908-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда, товардык складдарды жана складдык күбөлүктөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, товардын күрөөсү жана акчалай милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар;

8) ыйгарым укуктуу адамдын колтамгасы же болбосо өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын талаптагыдай ырасталган факсимилдик колтамгасы жана товардык складдын мөөрү.

3. Ушул статьянын талаптарына ылайык келбеген документ коштолгон складдык күбөлүк болуп эсептелбейт.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2018-жылдын 21-июнундагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [906-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-906)  
Кийинки берене: [908-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-908)
